Кыргызстанда акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бакай-Ата конушунун Ак-Балта көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган аянты 48 чарчы метр турак үйдүн чатыры, муздаткыч, сыналгы, жумшак эмерек, газ плита, кир жуугуч жана тигүүчү машина күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.
Ал эми Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus RX300 үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткычы күйгөн.