Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан 21 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаарында – 3 бейтап;
Нарын облусунда – 1 бейтап;
Жалал-Абал облусунда — 9 бейтап;
Баткен облусунда — 1 бейтап;
Ысык-Көл облусунда — 4 бейтап;
Ош облусунда – 1 бейтап;
Ош шаарында – 2 бейтап.
Кыргызстан боюнча жалпы 416 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.