Өткөн сутка ичинде Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан 69 жаштагы 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда эртең мененки онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Каза болгон бейтапка пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагнозу коюлган. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу», — деп белгиледи ал.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 11 киши көз жумду.