Megacom
  • Жума 29 Бугу 2020

Өлкөдө дагы 3 бейтап коронавирустан айыкты

4 апреля 2020 в 12:23 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, айыккан бейтаптар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.

“Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн. Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационарлардан чыгарылды”, – деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 231