Megacom
  • Жекшемби 9 Баш оона 2020

Өлкөдө дагы 506 адамдан коронавирус табылды 

3 июля 2020 в 10:07 Бишкек Govori.TV

3-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 506 учуру катталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 230 адам;

– Чүй облусунда 151 адам;

– Ош облусунда 14 адам;

– Ош шаарында 36 адам;

– Жалал-Абад облусунда 21 адам;

– Баткен облусунда 19 адам;

– Нарын облусунда 9 адам;

– Талас облусунда 1 адам;

– Ысык- Көл облусунда 25 адам.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 6767 адамга жетти.

Количество просмотров: 208