• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Өлкөдө дагы бир жолу жер титиреди

20 Жалган куран 2024 9:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы бир жолу жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 20-мартта таңкы саат 06:03тө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3 балл, Эркечтам, Көк-Суу айылдарында 2,5 баллга (Нура айылынан 15 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эскерте кетсек, күн мурун, 19-мартта Кыргызстанда жер титирөө катталып, анда да очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Количество просмотров: 563