Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-сентябрь күнү саат 12:45те өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга (Бор-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.