• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: 5 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Бекилип калган кыздар куткарылды

25 Бештин айы 2023 14:01 Бишкек Govori.TV

БЕКИЛИП КАЛГАН КЫЗДАР КУТКАРЫЛДЫ

Батирде бекилип калган кыздар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, ӨКМге Кызыл-Кыя шаарынын 60 жылдык көчөсүндөгү үйдүн батиринин эшиги бекилип калгандыгы боюнча саат 17:18 да маалымат келип түшкөн.

«Көп кабаттуу турак үйгө үч шатынын жардамы менен чыгып, батирдин терезеси аркылуу кирген куткаруучулар саат 17:38 де эшикти ачып беришкен. Батирдин ичинде 2012-жылы жана 2009-жылы туулган бир тууган кыздар болгон»,-деп жазылат маалыматта. Жабыркагандар жок.

УНАА ТОКТОТУУЧУ ЖАЙ КУРУЛАТ

Бишкек мэриясы Чыгыш автобекетин шаардын сыртына жылдырып, анын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курууну пландоодо.  Маалыматка ылайык, мэрия Чыгыш автобекетинин административдик имаратын борбор калаанын балансына алып, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын макулдугун күтүүдө.

Демилгеде жол тармагынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу менен шаардагы унаа тыгын көйгөйүн чечет деген жүйө келтирилүүдө.

Ошондой эле иштеп жаткан станциянын аймагына парк аймагын түзүү, ал эми автобекеттин имараты республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгондуктан оңдоп-түзөө сунушталууда.

АБОНЕНТТЕРДИН ЖАРЫГЫ ӨЧӨТ

Бишкекте эртең, 26-декабрда “акылдуу” эсептегичтерге жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн 5 миң 400 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлүшү мүмкүн.

Бишкек электр тармактар ишканасы жаңы жылда жарыксыз калбоо үчүн турмуш-тиричилик абоненттеринин электр жарыгына болгон төлөмдү өз убагындоо төлөөгө чакырат.

Ишкананын сайтындагы «Абоненттин балансы» рубрикасында бардык абоненттер электр энергиясы үчүн болгон карызын көрө алышат.

Количество просмотров: 174