• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жарыксыз калган Бишкек (Комментарийсиз)

25 Үчтүн айы 2022 15:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчеден чыгып, аймактарга өз алдынча жарык бере баштады. Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы өлкөнүн жер жерлеринде электр жарыгы бериле баштаганын билдирди.

25-январда түшкө маал Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн, «Кыргызстан Энергошакекчеден чыгып, өз алдынча жарыкты калыбына келтире» турганын билдирди.

Казакстан менен Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин билдиришти.

Количество просмотров: 181