• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өлкөдөгү 178 өкмөттүк эмес уюм Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду

18 Кулжа 2020 14:50 Бишкек Govori.TV

Өлкөдөгү 178 коммерциялык эмес уюмдун өкүлдөрү Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоп, өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү кабыл албоого чакырды.

Кайрылуунун текстин « Медиа Полиси Институту» жарыялады. Анда “мыйзам долбоорунда дискриминациялык жана кошумча түйшүк жаратуучу талаптар бар экени” белгиленген. Социалдык маселелер боюнча парламенттик комитет 15-июнда мыйзам долбоорун жабык талкуулап, маалымат алуу жана Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзам ченемдерин бузганы кошумчаланган.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн пикиринде, улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан уюмдар бюрократиялык тоскоолдуктар жана катаал текшерүүлөрдүн натыйжасында эмес, мыйзамдарды бузуу фактысы менен аныкталышы керек.

Өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Документке добуш берүү 18-июнь күнү түштөн кийин болот.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 4-мартта биринчи окууда кабыл алган. Ага ылайык, коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Ал маалыматтар министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Долбоорго алгач депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев жана Аида Исмаилова демилгечи болушкан. Маматалиев кийин авторлуктан баш тартса, Исмаилова вице-премьер-министр болуп кеткен.

Количество просмотров: 137