• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өлкөдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

18 Жетинин айы 2021 9:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанды аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-ноябрда саат 17:17де сезилген.

«Жер титирөө Жалал-Абад жана Ош облустарынын, Соку-Таш, Беш-Бадам, Ак-Тоок, Фрунзе, Октябрское айылдарында 5 балл, Кызыл-Октябрь, Карача, Советское, Бешик-Жон, Базар-Коргон, Бостон, Благовещенко, Багыш, Михайловка, Кара-Чолок, Сары-Булак, Карамарт, Көк-Жаңгак айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад шаары, Масы, Сузак, Гелеген, Таран-Базар, Кара-Алма, Саты, Жоон-Күнгөй айылдарында 4 балл, Майлуу-Суу, Өзгөн, Шамалды-Сай, Кара-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 970