• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өлкөдө кайрадан карантин кайсы учурда киргизилет? Министрдин орун басарынын жообу…

27 Чын куран 2020 11:21 Бишкек Govori.TV

Кайрадан карантин киргизүү тууралуу айтуу эрте. Мындай пикирин бүгүн, 27-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев эгер коронавирус жуктургандар көбөйүп кетсе кайрадан карантин жарыяланып же жарыяланбай турганы тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.

«Кытайдын өзүндө жана Европада чечкиндүү чараларды кабыл алынып, карантин жакшы эффект берди. Мейкиндикти обочолонтуу абалды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Эгер карантин алынгандан кийин оору жуктуруунун жаңы толкуну болуп, ал массалык мүнөзгө ээ болсо, анда тиешелүү чектөөчү чаралар колдонулат», — деди Үсөнбаев.

27-апрелге карата Кыргызстанда 695 адамдан коронавирус аныкталып, 8 бейтап көз жумду. Ошондой эле 395 бейтап бул илдеттен айыкты.

Количество просмотров: 10391