• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны миңден ашты

30 Бугу 2020 10:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 25 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы айыккандардын саны 1113гө жетти.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 15, Нарын облусунан 10 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан», — деп билдирди ал.

Количество просмотров: 34