• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Өлкөдөн чыгып кеткен Хашим Зайналиев кыргыз элине кайрылды…

26 Чын куран 20199:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.04.2019.Govori.TV.

Хашим Зайналиев үй-бүлөсү Оман республикасынын бийлигинин чакыруусу менен көчүп кеткени маалым. Оманга барган табып фейсбук баракчасы аркылуу кыргыз элине кайрылуу жасады.

«Айланайын эл-журт акылым жеткен нерсени айтайын!!! Силер уккула!!! Кыргызстанда медицина Тынчтык айткандай тартипте түзүлгөн. Аны ар бир инсандын акчасын эмес, өмүрүн сактап кала тургандай багытта түзүүгө боло турганын көрсөтүп, далилдеп берүүгө Саламаттык сактоо министрлигине, Өкмөттү акыры түбү Президентке жана айланасындагыларга жеткирүүгө аракет кылдым. Аттин, элди ойлогон, келечекти ойлогон эч ким жок. Баары пендечиликтин деңгээлинен чыкпайт; кызгануу, көрө албастык… иштеймин — дегенди таппадым. Медицинаны бизнеске айландырышып, врачтардын ыйманын кетирип, акчанын кулу кылып коюптур. Медицина ооруунун «тяжестин» алып коет, дарт сакталып кала берет, акырындап ырбап отуруп, адам өмүрүн алат. Дарылоонун системасы ушундай иштелип чыккан. Аны өзгөртүүнү эч ким каалабайт. Дагы айтаарым, врачтарга барып ооруп жаткан
оорууңа диагноз койдурсаңар, аны кайра-кайра текшерткиле!!! Алар дайыма алдашат, эптеп акчаны алуу үчүн!!! Баарыңарга чын ден соолук тилеймин Мекендештер!!!»,- деп жазган Зайналиев өз билдирүүсүндө.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2297372363869860&set=a.2050548818552217&type=3&theater


Белгилей кетсек, Хашим Зайналиевге Бишкек шаардык соту элди дарылоого тыюу салган. Анын менчик клиникасында бир нече жолу адам өлүмү катталган. 

Количество просмотров: 22