• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өлкөдө сентябрь айында жаан-чачындын нормадан аз болушу күтүлөт

17 Баш оона 2018 9:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV
Кыргызгидромет  сентябрь айына карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.
Алсак, Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында: абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1° жогору болуп, Чүй өрөөнүндө 17…19°, Талас өрөөнүндө 14…16°, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 13…15° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин, күндүз 20…25° жылуулуктан 27…32° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кемин, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 1…6° жылуулуктан 7…12° жылуулукка чейин, айдын экинчи жарымында 0…-2° чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы күндүз 19…24° жылуулуктан 25…30° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 15-22 мм, Талас өрөнүндө 11-14 мм, тоо этектеринде 19-32 мм).
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1° жогору болуп, 19…21°, тоо этектериндеги райондордо 15…17° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 9…14° жылуулуктан 15…20º жылуулукка чейин, күндүз 24…29° жылуулуктан 30…35° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 3…8° жылуулуктан 9…14º жылуулукка чейин, күндүз 20…25° жылуулуктан 26…31° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 7-13 мм, тоо этектериндеги райондордо11-34 мм).
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1° жогору болуп, 14…16° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12°, күндүз 19…24°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында түнкүсүн 3…8°, күндүз 23…28° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (11-33 мм, чыгышында 39-57 мм).
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1ºка жогору болуп, 13…15° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9° жылуу, күндүз 18…23° жылуулуктан 24…29° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (7-15 мм).
Алай өрөөнү:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1ºка жогору болуп, 5…7° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5° сууктун тегерегинде болуп, күндүз айдын биринчи жарымында 13…18° жылуу, айдын экинчи жарымында 10…15° жылуу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (15-17мм).
Суусамыр өрөөнү:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 8…10° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5° сууктун тегерегинде болуп, күндүз 15…20° жылуулуктан 21…26° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (36-38 мм).
Количество просмотров: 38