• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт

18 Жетинин айы 2019 15:45 Бишкек Govori.TV

20-ноябрдан 24-ноябрга чейин өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 20-21-24-ноябрларда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 20-21-ноябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

21-27-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн −6…-11°, күндүз −2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн −5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн −8…-13°, күндүз −4…-9°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −10…-15°, күндүз −1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн −12…-17°, күндүз −5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −20…-25°, күндүз −10…-15° суук болушу күтүлөт.

Количество просмотров: 62