• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Өлкөдө учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарган компания түзүлөт

15 Баш оона 202113:39 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Шумкар трансулуттук корпорациясы» ачык акционердик коомун түзүү тууралуу токтомго кол койду.

Өкмөттүн 12-августтагы токтомунда айтылгандай, бул корпорация учкучсуз учуучу аппараттардын системасын чыгаруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырат.

«Шумкар» трансулуттук корпорациясы» 100% мамлекеттин катышуусу менен түзүлөт. Компаниянын негиздөөчүсү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду.

Мекемеге уставдык капиталды 100 миң сом деп бекитүү, Юстиция министрлигинен, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан каттоодон өткөрүү тапшырылган.

Мунун баарын президенттик администрациянын экономика жана финансы бөлүмүнүн өкүлдөрү көзөмөлдөй турганы айтылды.

Количество просмотров: 339