Бүгүн,3-августта Билим берүү жана илим министрлиги жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен абитуриенттерди ЖОЖдордун гранттык орундарына кабыл алуу жана тандоонун алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Билим АКИpress сайты жазып чыкты.
Министрликтин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Евгения Чубукованын маалыматы боюнча, тандоо жана кабыл алуунун бардык 3 турунун жыйынтыгы менен гранттык орундарга кабыл алуу планы 98% аткарылды (2017-жылы гранттык орундарга кабыл алуу планы 91% аткарылган).
Мамлекеттик ЖОЖдордун көбүндө гранттык негизде кабыл алуу планы 100% ишке ашты. Жалпысынан 90 гранттык орун бош калды, алардын 34ү даярдоонун педагогикалык багыттары боюнча. Салыштыруу үчүн: 2017-жылы 3-турдан кийин гранттык 421 орун толбой калган», — деп айтып берди Е.Чубукова.
5440 гранттык орундардын 465и жалпы республикалык тестирлөөнү талап кылбаган адистиктерге жана 105и Башкаруу академиясы менен Дипакадемиянын магистратурасына бөлүнгөн. ЖРТда босого упай белгиленгенден кийин сынакка 26 миң 714 абитуриент өткөн.
Ыкчам маалымат алуу үчүн, бул шилтеме аркылуу https://t.me/govori_tvбиздин телеграмга жазылыңыз!