• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өлкөгө 42 миң долларлык медициналык жардам келди

26 Жетинин айы 2020 17:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-ноябрда Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму Кыргызстанга 42 миң долларлык гуманитардык жардам тапшырды. Бул тууралуу ДСУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Гуманитардык жүктү расмий тапшыруу аземине Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюумунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова, Орусиянын Кыргызстандагы кеңешчи-элчиси Вадим Гусев катышты.

Гуманитардык жардам Россия тарабынан ДСУ аркылуу көрсөтүлүп, жер титирөө, күтүүсүз суу ташкыны сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда жабыркаган калкка баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн медициналык багыттагы буюмдарды жана адистештирилген медициналык модулду камтыйт.

Өткөрүлүп берилген жүктүн жардамы менен талаа шартында үч ай бою 10 миң адамга медициналык жардам көрсөтүүгө болот. Ошондой эле ДСУнун жаракат жана кечиктирилгис хирургия үчүн атайын шайманы өзгөчө кырдаал учурунда бир бейтапка 2 операция деп эсептегенде (100 операция) хирургиялык жардам талап кылынган 50 бейтаптын муктаждыгын канааттандыруу үчүн материалдар жана дары-дармектер менен камсыз кыла алат.

Жүк Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Дубайдагы аймактык материалдык-техникалык жабдуу борборунан жөнөтүлүп, жалпы салмагы 4 тоннадан жогору болуп, баасы 42 миң АКШ долларынан ашты.

Количество просмотров: 46