• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ак-Босогодо медициналык жардам станциясы ачылды

4 Бештин айы 2023 11:47 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ак-Босого конушунда медициналык жардам станциясынын салтанаттуу ачылышы болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, меджардам станциясынын жер тилкесинин аянты 0,09 га, имараттын аянты 140 чарчы метр, имаратта фельдшердик пункт, жетекчинин кабинети, дары-дармектер үчүн кампа, диспетчердик пункт, процедуралык жана техникалык жайлар жайгашкан.

Тез жардам станциясы Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондорун тейлейт.

Белгиленгендей, станция «Ассанабил» коомдук фонду менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде курулган.

Курулуштун негизги бөлүгү «Ассанабилл» коомдук фонду тарабынан каржыланды, ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аймакты көрктөндүрүү, ички жана тышкы инженердик тармактарды орнотуу иштери жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 52