• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өлкөгө чет жерден 2 миңге жакын жарандын келүүсү күтүлүүдө

15 Бугу 2020 11:37 Бишкек Govori.TV

Жакынкы күндөрү Кыргызстанга 2 миңге жакын жарандын келүүсү күтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Бүгүн биз чартердик каттамдарды күтүп алабыз. Бир нече күндүн ичинде өлкөгө эки миңге жакын мекендешибиздин келүүсү күтүлүүдө. Алардын баары обсервацияга жаткырылып, дыкат медициналык текшерүүдөн өтөт. Эгерде анализдин жыйынтыгы терс чыкса, анда биз аларды үй карантинине коё беребиз жана медициналык жактан көзөмөл жүргүзүп турабыз», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 67