• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өлкөгө COVID-19га каршы кытай вакцинасы келди (сүрөт)

19 Жалган куран 2021 18:01 Бишкек Govori.TV

Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасына акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза «SinoPfarm» вакцинасын берди. Гуманитардык жардамды кабыл алуу аземине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов катышты. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

«COVID-19 пандемиясы көрсөткөндөй, бир дагы өлкө вируска каршы өз алдынча күрөшө албайт. Кыргыз Республикасы коронавирус инфекциясына каршы жеке күч-аракети, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгүнө таянуу аркылуу күрөшүүдө. Кытай мамлекети өз жериндеги жөнөкөй эмес эпидемиологиялык абалга карабастан, кыргыз элине олуттуу гуманитардык көмөк көрсөтүүсүн улантууда», — деди Улукбек Марипов жана Кытай Эл Республикасы вируска каршы вакцинаны иштеп чыгууда саналуу өлкөлөрдүн арасында маанилүү ийгиликтерге жетише алгандыгын белгиледи. 

Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь гуманитардык көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кытай тараптын кыргыз тарапка вакцинаны акысыз негизде берүү тууралуу чечими эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди билдирет жана кыргыз-кытай мамилелеринин жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүп турат.  Вакциналар кыргыз тарапка эпидемияга каршы күрөшүүдө жана кыргыз элинин ден-соолугун жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоого жардам берет деп ишенемин», — деди элчи.

Количество просмотров: 232