• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өлкөгө Казакстан жиберген гумжардам келди

18 Бугу 2021 17:35 Бишкек Govori.TV

Бишкекке Казакстан гумжардам катары жөнөткөн 4500 тонна ун жеткирилди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалым болгондой, темир жол аркылуу жалпы салмагы 4 миң 500 тоннаны түзгөн 75 вагон буудай уну келип түштү. Бул алгачкы партиясы экени айтылды. Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жалпысынан 10 миң тонна ун берүү чечимине кол койгон.

Кыргызстандын айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары Азамат Мукашев кыргыз тарап Казакстандын өкмөтү көрсөткөн жардамын баалай турганын жана бир тууган казак элине терең ыраазычылык билдирерин айтты.

Элчиликтен белгилешкендей, 2020-жылдын май айында Казакстан Кыргызстанга беш миң тонна ун, ноябрда 400 даана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат жана эки миллион медициналык бет кап жиберген.

Жардам эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн алкагында көрсөтүлгөн.

Количество просмотров: 132