• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Өлкөгө Казакстандын коргоо министри баштаган аскер делегациясы келди

22 Баш оона 2023 14:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-августта Кыргызстанга Казакстандын коргоо министри Руслан Жаксылыков башында турган аскердик делегация иш сапар менен келди. Бул тууралуу КР Коргоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Казакстандан келген делегация алгач Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюшуп, андан кийин Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү маселелерин, ушул багытта мындан аркы биргелешкен иштерди талкуулашты.

«Аскердик чөйрөдөгү кызматташуу жааты бул өз ара аракеттенүүнүн маанилүү багыттарынын бири. Казакстан Кыргызстан үчүн туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш болуп саналат»,- деп белгиледи Бекболотов.

Иш сапардын программасына ылайык, казак делегациясы КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен жолугушуп, С. Чокморов айылында жайгашкан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексин көрүштү.

Мындан тышкары, Казакстандан келген делегация Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-казак «Эрдик-2023» биргелешкен тактикалык-атайын машыгуусунун активдүү фазасына катышып, бир катар аскердик объектилер менен таанышат.

Количество просмотров: 73