• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Беларусь президенти Лукашенко Кыргызстанга келди

12 Тогуздун айы 202321:02 Бишкек Govori.TV

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

“Манас” эл аралык аэропортунан Лукашенкону Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Сапардын алкагында президент Александр Лукашенко үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

Количество просмотров: 148