• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келе жаткан 80 тонна уйдун майы аныкталды

4 Теке 202410:56 Бишкек Govori.TV

«Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 80 тонна уйдун майын аныкташкан. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, токтотулган жүк ташуучу унаалардагы жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, техникалык регламентине ылайык келбегендиги аныкталган. Натыйжада инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстанга артка кайтарылды.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы Казакстандан Кыргызстандга 20 тонна өлчөмүндө уйдун майы мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталып, жүк артка кайтарылган.

Количество просмотров: 221