• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өлкөгө Өзбекстандан парламенттик делегация келди

21 Аяк оона 2021 13:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-сентябрда Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева расмий иш сапары менен Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады

Парламенттик делегацияны Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Аида Касымалиева жана Нурбек Сыдыгалиев, ошондой эле Өзбекстан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Мамасадык Бакиров тосуп алды.  

Иш сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт. Мындан тышкары, Танзила Нарбаева кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын форумуна катышат.  

Количество просмотров: 112