• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өлкөнүн бардык аймактарында жаңы ооруканалар ачылат

28 Теке 2020 15:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-июлда өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавируска каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, коронавирустун экинчи толкуну боюнча коомчулукта, дүйнө жүзүндө абдан чоң талкуу болуп жатат.

«Экинчи толкунга буга чейин эле даярдыкты баштаганбыз. Азыр да бул боюнча иш-чаралар жүрүп жатат. Биринчи толкунду өткөрүү үчүн башка тармактарда иштеп жаткан ооруканаларды же бош турган имараттарды ошого ылайыкташтырып, убактылуу жайгаштыруу иштерин жүргүзүп, андан сырткары «Манас» аэропортунун аймагындагы эски базадагы эски имараттарды оңдоп, жакшы шарттары менен 1306 оорулууну кабыл ала тургандай жайды жасаганбыз», — деди ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, президент менен сүйлөшүүдөн кийин бардык аймактарда 100 орундан кем эмес жаңы жугуштуу оорулар ооруканаларын ачуу чечими кабыл алынды. Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукананын курулушу башталды. Аймактарда бош турган имараттарды оңдоп, тиешелүү жабдыктар менен жабдып, ооруканага айландыруу иштери жүргүзүлөт.

Аймактардагы ооруканалар кайсы жерлерде ачылат?

Оштогу Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында 200дөн ашык орунга ылайыкталган оорукана ачылат.

Жалал-Абаддагы Сузак районунун Ленин айыл аймагында №36 адистештирилген лицейдин 5 кабаттуу имараты 304 орунга ылайыкташтырылып жатат.

Баткен шаарында пайдаланылбай калган бейтапкананын имаратында 90 орундуу оорукана ачылат.

Чүйдөгү Токмок шаарында 100 орундуу оорукана ачылат.

Нарында 120 орундуу оорукана ачылат. Куралдуу күчтөргө таандык аскердик бөлүктүн бош турган имараты.

Талас районунда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратында 192 орундуу оорукана ачылат.

Ысык-Көлдөгү Каракол шаарында облустук оорукананын башкы имараты 150 орунга ылайыкташтырылып жатат.

Бороновдун айтымында, ооруканалардын баары 1,5 айдын ичинде ишке берилет.

Количество просмотров: 71