Жалал-Абад облусунда өзүн түштүк аймагы боюнча «смотрящий» деп жарыялаган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
«20-июлда YouTube’да мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында «Кабар Медиа» каналында уюшкан кылмыштуу топтун идеяларын тараткан адамдын видеосу табылган. 21-июль күнү уюшкан топ түзүү же ага катышуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында видеодогу адам Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сафаровка айылынын тургуну — 1991-ж.т. С.у.К. экендиги аныкталып, кармалды. Анын учурда жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенип, мурда-кийин соттолбогону жана КР ИИМ каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катарында катталбагандыгы аныкталды. Кармалган жаран, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган видео тасманын жагдайларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалган жарандын коомго коркунуч жараткан башка укук бузууларга катыштуулугун текшерүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.