• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өлкөнүн түштүгүндө жер титиреди

5 Кулжа 202413:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ага ылайык бүгүн, саат 11:27де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Өзгөн районунун Кушаб айылынан түндүк-батышка карай 3 чакырым, Мырза-Арык айылынан түндүк-батышка карай 7 чакырым, Өзгөн шаарынан түндүк-батышка карай 15 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышка карай 31 чакырым жана Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 37 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жердин синкинүүсү Куршаб айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 98