• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Өлкөнүн түштүк аймагында сел жүрүшү мүмкүн

16 Чын куран 2023 9:31 Бишкек Govori.TV

16-апрелге күтүлгөн нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

«Сел каптоонун алдын алуу үчүн коопсуздук иш-чараларды сактап, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл», — деп белгилешти ведомстводон.

Количество просмотров: 75