Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.
Лондондогу аукцион үйү Сотбис кечээ «Ислам дүйнөсүнүн көркөм-өнөрлөрү» аттуу коллекциясын сатууга коюп, анда Италиялык сүрөтчү Жентиле Беллининин жолдоочусу тарткан Кануни Султан Сүлеймандын сүрөтү сатылганын Сотбистен билдиришти.
Маалым болгондой, аукциондо сатууга коюлган 311 бөлүктүн ичинен Султан Сулеймандын портрети 5 миллион 323 миң 500 фунт стерлинге сатылган.
Белгилей кетсек, падыша тактыга отурган 1520-жылдары Венецияда Осмон сарайына кирип чыккан батыштык дипломаттардын сүрөттөгөнүнө таянып, тартылган портрет аукционго коюла электе 250-350 миң стерлинге бааланган.