• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Лондондогу уюм «Кыргызалтынды» ишенимдүү компаниялардын тизмесинен чыгарды

18 Аяк оона 2021 16:37 Бишкек Govori.TV

17-сентябрынан тарта «Кыргызалтын» ААКы Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) ишенимдүү жеткирүүчү компаниялар тизмесинен чыгарылды.

Маалыматка ылайык, LBMA июнь айында алтын аффинаждоочу «заводдогу алдамчылыкка шектенүүдөн» улам текшерүү баштаган. Анын жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандагы мамлекетке караштуу заводдун ишенимдүү алтын өндүрүүчүлөрдүн катарындагы Good delivery статусу токтотулган

«17-сентябрдан тартып, «Кыргызалтын» акционердик коому товар менен камсыздоо программасынын талаптарын аткарбаганы үчүн тизмеден өчүрүлдү. Бул күндөн тартып заводдун бардык товары ишенимдүү деп саналбайт», — деп жазылган Лондон ассоциациясы тараткан билдирүүдө.

Бул аккредитациянын токтотулушу «Кыргызалтын» ишканасына таандык Кара-Балтадагы алтын аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймаларын дүйнөдөгү Good delivery макамы менен таанылган базарларга сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

«Кыргызалтын» ААКы бул жагдай боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 1537