• Дүйшөмбү 25 Үчтүн айы 2021

Лыжа базасында каза болгон өспүрүмдүн буту жана мойну сынган. Окуянын чоо-жайы…

13 января 2021 в 10:57 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун ички иштери башкармалыгынын маалыматы боюнча, 12-январь күнү Ак-Суу РИИБдин нөөмөт кызматына «Каракол» тоо-лыжа базасынан телефон аркылуу билдирүү түшүп, анда жаш өспүрүм лыжа тээп баратып кулап, окуя болгон жерден каза болгондугу айтылган.

Аталган факты райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жиберилген.

“Алгачкы жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, 3-январда Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарынын 35 жаштагы тургуну, өзүнүн 13 жашар баласы И.С. менен Чүй облусунун Токмок шаарында жашаган аталаш бир тууганына мейманга келгендиги аныкталган.

10-январда аталаш бир тууганы үй-бүлөөсү жана карындашынын баласы И.С. менен Каракол шаарына келишип, мейманкананын бирине жайгашып, маал-маалы менен «Каракол» тоо-лыжа базасына барышып эс алышып жүрүшкөн.
12-январь күнү болжол менен саат 13.00 чамаларында жаш өспүрүм И.С. тоо-лыжа базасында эс алуу учурунда, 3040 метр бийиктикке көтөрүлүп, тоонун батыш трассасынын жолу менен ылдый түшкөн. Болжол менен 2700 бийиктикте трассанын батыштан чыгышка бурулган жерден, лыжа тээп түшүп бара жаткан жаш өспүрүм бурула албай калып, өсүп жаткан чоӊ карагайды сүзүп алып, алган жаракаттарынан улам, окуя болгон жерден каза болгондугу аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен жансыз жаш өспүрүмдүн денесин сырттан кароо учурунда, оӊ буту жана мойну сынганы аныкталды. Жаш өспүрүмдүн өлүмүнүн жагдайын толук аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 746