• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мүйүзүн омуруп салышкан. Чек арадан маралдарды алып чыгууга аракет кылгандар кармалды

23 Чын куран 202113:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан сейрек кездешүүчү жаныбарлар — маралды алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде Кадамжай районунун Жаңы-Жер тилкесинде Айдаркен чек ара отряды «Toyota Previa» унаасын токтотушкан. Ал 1972-жылы туулган Кыргызстандык  Т.Н. аттуу жаранга таандык экени аныкталган. Кармалган жарандар жаныбарларды Өзбекстанга жеткирүүнү көздөшкөн. Бирок айдоочунун тиешелүү документтери болгон эмес.

Унааны текшерүү учурунда 1 жаштан 4 жашка чейинки беш марал табылган. Төртөөнүн мүйүзүн омуруп салышкан. Бул фактыны тийиштүү органдар иликтеп жатат. Ошондой эле жаратылышка келтирилген зыян эсептелүүдө.

Количество просмотров: 173