• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мүлктөрүнүн баасы 4 млн доллардан ашат. Финполдун бөлүм башчысы кармалды (сүрөт)

19 Үчтүн айы 2021 9:46 Бишкек Govori.TV

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мыйзамсыз баюу факты боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Каржы полициясынын ички тергөө жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Т.А.Р.ны кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, Т.А.Р. 2014-жылдан бери Каржы полициясында жетектөөчү кызматтарды ээлеп, Бишкек жана Ош шаарларында 15тен ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болгон жана аларды жакын туугандарына каттап койгон.

Андан тышкары Т.А.Р. Ош шаарындагы май куюучу жай, дүкөн, ресторандардын жана 13 кабаттуу турак үйдүн курулушуна ири суммадагы акча каражатын инвестициялаган.

«Болжол менен Т.А.Р.нын кыймылсыз мүлктөрүнүн баасы жана каржысы 4 млн доллардан ашат. Бул анын мыйзамдуу кирешесине дал келбейт», — деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 18-январда Т.А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Т.А.Р.нын бардык мүлктөрүн жана каржысын аныктоо максатында кошумча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 850