Жогорку Кеңешке үч жаңы депутат келди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28- августта БШК Жогорку Кеңештин үч жаңы депутатын каттоого алып, Нурлан Сырдыбаев, Мээримбек Койчуманов жана Осмон Турдумамбетовдор мандат алды.
Мандат алгандар «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болгон Зиядин Жамалдиновдун, Алтынбек Жунус уулунун жана «Кыргызстан» партиясынан депутат болгон Данияр Төлөновдун ордуна келишти.