Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын жаңыртуунун зарылдыгы жөнүндө талкуулар коомдо күч ала баштады. 6-чакырылыштагы парламент БШКнын учурдагы курамын 2016-жылдын июнь айында 5 жылдык мөөнөткө шайлаган. Демек, июнь айында БШКнын 12 мүчөсүнүн ыйгарым укуктары аяктайт, алардын бири Кайрат Осмоналиев кечээ Азербайджан мамлекетине элчи болуп кетээри белгилуу болду.
Озгочо айта кетчу жагдай Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча өнөктүгү жүрүп жатканда, референдум өнөктүгүндө БШК мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ушул шайлоо өнөктүгү аяктаганга чейин мыйзамга ылайык узартылат, бирок жергиликтүү кеңешти шайлоо учурунда БШКнын мучолорунун иштоо моонотун узартууга мыйзам жол бербейт.
Демек, БШКнын курамы июнь айында жаңыланыш керек, мындан улам GOVORI.TV редакциясы БШКнын азыркы мүчөлөрү ким экендигин эскертип коюуну чечти.
Нуржан Шайлдабекова — 53 жашта, Чүй облусунун тургуну, жогорку билимдүү — тарыхчы. 2012-жылдан бери Алмазбек Атамбаевдин командасында иштеген, 2012-2015-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон.
2015-жылы парламенттик шайлоодо ал Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Шайлоодон кийин кызматтан көтөрүлүп, Фарид Ниязовдун орун басары, 2016-жылы А. Атамбаев президентинин квотасы менен БШКнын мүчөсү болуп шайланып, төрайым болгон. Кесиптештери тарабынан ал бир нече жолу президенттик администрациянын саясий чечимдерин ишке ашырган деп айыпталып, аны кызматтан кетирүү талабы менен бир нече жолу ишеним көрсөтпөө учурлары да болгон.
2017-ж. президенттик шайлоодон кийин, А. Атамбаевден “Курманжан датка” орденин алган.
Өткөн жылы, коомчулуктун талаптарына карабастан, ал парламенттик шайлоонун босогосун 7% жана 5 миллион күрөөнү сактап калуу зарылдыгын айтып президент Жээнбековдун багытын колдогону белгилуу.
Бекматов Абдыжапар — 60 жашта, Ош облусунун Ноокат районунда туулган, Кыргыз айыл чарба институтун аяктаган. 2001-жылдан 2010-жылга чейин БШКнын мүчөсү болгон, бирок апрель ыңкылабынан кийин, парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки нааразычылыктар күчөп, БШКнын мүчөлүгүнөн кетирилген. 2010- 2015-жылдары «Республика» партиясынан Жогорку Кенештин депутаты болуп иштеген.
2015-ж. парламенттик шайлоого «Бир Бол» саясий партиясынан катышып, бирок депутат болбой калган. 2016-жылы. «Бир Бол» фракциясынан БШКнын мүчөсү болуп шайланып, андан бери БШКнын төрагасынын орун басары катары иштеп келет.
2017-жылдагы президенттик шайлоодо, А.Келдибековдун өкүлдөрү А.Бекматов БШКнын отурумдарында добуш берүүгө укугу жок жана Жогорку Кеңештин чечимисиз БШК мүчөсүнүн кызматынан бошотулушу керек дешкен, себеби «Шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесин бузуп БШКнын мүчөсү болуп шайланган.
Бекматов БШКнын мүчөсү болуп шайланган учурда «Бир Бол» партиясынан ЖКнын депутаттыгына талапкер болгон жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарына карабастан, БШКнын мучосу болуудан мурун, ал талапкерлердин тизмесинен чыккан эмес. А. Бекматов бул дооматтарды 2017-ж. четке какканы менен, 2018-жылдын 11-майында гана «Бир Бол» партиясынын ЖКтин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинен чыккан.
Бул жагдайды коз карандысыз эксперттер БШКнын 2016-жылдагы жергиликтүү кеңештерди шайлоосун жана референдумду, 2017-жылдагы президенттик шайлоо боюнча БШКнын Бекматов менен чогу кабыл алынган баардык чечимдерин мыйзамсыз деп табып жокко чыгарыла турганга негиз болот деп белгилешет.
2017-ж. президенттик шайлоодон кийин, Атамбаевден “Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер” деген наам алган.
Эшимов Акылбек — 2011-2015 — ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жана отун-нергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика» парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары.
Коомчулукка айтылуу Матраимовдун досу катары таанымал болгон. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын колдого алып жатканы айтылып, чуу жаралган болчу.
Осмоналиев Кайрат — Юридика илимдеринин доктору (2005-ж., Москва); ошол эле шаарда кандидаттык диссертациясын РФ ИИМдин башкаруу Академиясында жактаган (1997 – ж.). Профессор (2012 –ж.); Табият илимдер Россия Академиясынын мүчө-корреспонденти (2015-ж.); КР билим берүүнүн отличниги (2001 –ж.).
Ал коомчулукка жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилери үчүн тендердин тегерегинде чуу чыккан. Буга байланыштуу тендердик комиссиянын төрагасы, БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин өзүнүн жеке кызыкчылыгы бар деген өңдүү бир топ доомат айтылган.
Асаналиев Алмаз — буга чейин эки жолу БШКнын мүчөсү болгон. 2017-жылы КР Президентинин Указы менен «ДАНК» орденин алган.
Баатырова Гульнара -58 жашта. Кесиби – дарыгер, буга чейин эки жолу БШКнын мүчөсү болгон. 2013-жылы а.у.ч. — Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министирлигинин Медициналык-Аккредитациялоо Комиссиясынын төрайымы. Белгилуу журналист Али Токтакуновдун тууганы.
2017-жылы президенттик шайлоодо С.Жээнбеков жеңип чыккан көзөмөлдөө-ревизиялык топтун башчысы болгон. БШК мүчөлөрүнүн бул тобу талапкерлердин шайлоо фонддорундагы финансылык кирешелерди жана чыгымдарды башкаруунун тууралыгын жана мыйзамдуулугун текшерет. Андан кийин, Алмаз Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фондунун тышында акча пайдаланган, «кара кассасы» бар деп, ИИМдин кызматкерлери документтерди БШКдан алышкан, бирок натыйжасы дагы деле белгисиз.
Коомчулукка, БШК ыйык жер, сыйлагыла деген талаптары менен да белгилуу. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек синирген дарыгери, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, КР Жогорку Кенешинин Ардак Грамотасы, КР БШКсынын Ардак Грамотасы, Кыргыз Республикасынын “Саламаттык сактоонун мыктысы”, Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак Грамотасы, Кара-Суу районунун Ардактуу Атуулу.
Джилкичиева Елена — 2016-жылы кошумча АСУ сатып алуу боюнча чулгандуу комиссиянын жетекчиси болгон. «КЫРГЫЗСТАН» Коммерциялык банкы” ААКда иштегенге чейин «Мунай Мырза», «Альянс» компаниялардын тобунда юридикалык башкармалыгынын начальниги, “Автобанк» акционердик коомунун юридикалык башкармалыгынын начальниги, Башкаруунун мүчөсү, Бвашкаруунун төрагасынын орун басары кызматтарда иштеген. Юриспруденция тармагындагы иш тажрыйбасы 25 жылдан ашуун.
Джурабаева Гүлнара — буга чейин эки жолу БШКнын мүчөсү, 2016-жылы кошумча АСУ сатып алуу боюнча чулгандуу комиссиянын мүчөсү болгон. Кыргызстанга Корея компаниясы АСУну сатып алуу, бул реформаны Кыргызстанга киргизуу боюнча ишти жетектеп, аркалап келген. 2016-жылы референдумдун жыйынтыктарын таанып, бирок өзгөчө пикирин билдиргени үчүн, жарандык коомдун сыйлыгына ээ болгон.
Кадыров Бахтияр — 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы № 29 орто мектебинин директору болуп эсмгектенет. Коомчулукта №29 мектепте коррупциялык жаңжалдар болуп келгени белгилүү.
2010-2015-жылдары депутат болгон. — Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
Сариев Акылбек — 2002-2008-ж.ж. — КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү; 2004-жылдан азыркы убакка чейин — «Электорат» коомдук фондунун («Мораль» КФ) төрагасы; 2010-2011 — КР БШК төрагасы болгон.
Сатыгулов Адилет — АША бухгалтеринин уулу, апасынын СДПК, талапкер С. Жээнбековго иштеген учурда финансалык отчетторун текшерди. Жарандык активисттер кызыкчылыктардын кагылышуусун жарыялашты
Шайназаров Тынчтык — 2010-жылдын ноябрь айында «Республика» саясий партиясынан V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын 23-декабрынан тартып КРнын ЖКнин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.
2015-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан шайланган.