Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.
Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үйү камакка алынды. Анын аялы Хадича мүлкүн өзүнүн атынын жаздырып ала албайт. Бул тууралуу анын адвокаты Валерьян Вахитов «24.kg» агенттигине билдирген.
Жактоочунун айтымында, Аскаровдун бул үйү кылмыш жолу менен курулган эмес, ошондуктан үй камакка алынбоосу керек эле. Ал анын ата-бабасынан калган мурас болгон.
«2010-жылы каза болгон милиционердин үй бүлөсү Аскаровдун жакындарынан 700 миң сом компенсация талап кылып жатышкан, аны төлөп берүүгө укук коргоочунун үй бүлөсүнүн акчасы жок. Бирок, мындай абал алардын жалгыз үйүн тартып алууга жол бербейт»,- деп кошумчалаган жактоочу.
Эске салсак, Азимжан Аскаров улуттар аралык ынтымакты бузган жана 2010-жылы түштүктө болгон окуяда милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.