• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өмүрбек Бабанов Бишкекке 70 млн доллар инвестиция салары айтылды

7 Бештин айы 202418:28 Бишкек Govori.TV

Кечээ Өзгөндөгү айланма жолдун ачылышында Президент Садыр Жапаров бизнесмен Өмүрбек Бабанов менен жолугуп, 70 млн долларлык инвестиция тууралуу сүйлөшкөнүн айткан.

Президенттин айтымында, Бабанов Asia Mall соода борборунун сырткы көрүнүшүн жакшыртууга 18-20 млн доллар коротуп, мындан тышкары ачылышы январда боло турган наркы 50 млн долларлык технопарк курууда.

Садыр Жапаров ички инвесторлордун салымы абдан баалуу экендигин айтып, мурда бай кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө завод-фабрикаларды куруп келишкенин, азыр болсо мамлекет аларга колдоо көрсөтүүгө кепилдик берип, шарт түзө баштаганын да кошумчалады.

Мындан тышкары башка инвесторлор дагы ири долбоорлорду ишке ашырып жатышат. Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу отелдер курула баштады, биякта инвестициянын көлөмү 100-150 млн долларга жетет.

Эгер ички инвесторлор мындай долбоорлорго кызыкпаса, анда мамлекет сырттан инвестор тартууга мажбур болорун билдирди.

Количество просмотров: 405