Ковидди жеңиш үчүн жалпы вакцинациялоо керек. Sputnik V же Синофармбы, ар ким өзү тандашы керек. Мындай билдирүүсүн экс-депутат Өмүрбек Бабанов соцтармактагы баракчасына коронавируска каршы эмдөө алганы тууралуу маалымат берип жазды.
«Мен бизде сунушталып жаткан Sinopharm менен вакцина алдым. Алганыма үч күн болду, кошумча эч бир симптом байкабадым. Баарыңыздарды вакцина алууга үндөйм. Ден соолугуңуздар чың болуп, жакындарыңыздар дайыма жаныңыздарда болсун!», — деп жазган ал.