• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өмүрбек Бабанов саясатка аралашуудан качууда…

22 Тогуздун айы 2019 13:39 Бишкек Govori.TV

Мурунку депутат Өмүрбек Бабанов учурда Бишкекте, сурактар азырынча боло элек. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар кабарлады.

Анын айтымында, мурунку депутат жеке иштери менен алек.

Коумчалай кетсек, буга чейин «Республика -Ата Журт» партиясы ажыраганы тууралуу «Ата Журттун» өкүлдөрү айтышкан эле.

Ал эми бул боюнча Бабанов ооз ачкан жок. Саясаттан кеттим деген мурунку депутат Орусиядан кайтып келгенден бери УКМК менен Финполдо бир нече ирээт сурак берген.

Андан соң Москвага иш сапары менен барып келген. Акыркы жолу Бабанов мурунку кесиптеши ЖК депутаты Руслан Казакбаевдин уулунун тоюнда байкалган.

Ал эм кийинки сурак качан болоору тууралуу каржы полициясы маалымат берген жок. Бирок, иштер тергелип жатканын билдиришкен.

Количество просмотров: 302