• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иш азырынча токтотулду

19 Аяк оона 2018 16:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.09.2018. Govori.TV

Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иш учурда токтоп турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди.

Депутат Руслан Казакбаев Өмүрбек Бабановдун иши боюнча териштирүүнү тездетүү зарылдыгын билдирди.

“Бул иш боюнча баардык материалдар кылмыш ишке тиркелген. Аларды кылмыш иштин алкагында карап жатабыз. Бирок мен айткым келет, биз бул иш боюнча жөнөтүлгөн жерлерден жоопторду күтүп жатабыз. Азырынча, иш токтолуп турат”,-деди  Кадыркулов.

Эске салсак, Башкы прокуратура 4-ноябрда «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери, депутат жана 15-октябрдагы президенттик шайлоодо утулуп калган талапкер Өмүрбек Бабанов менен башка адамдарга да Кылмыш Кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-беренесинин биринчи бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча иш козголгонун жарыялаган.

Укук коргоо органдары Бабановдун кайсы жерде экени жана кармалдыбы же жокпу деген маалыматтарды да ачык айта элек. Бабанов учурда өлкө сыртында жүрөт.

Количество просмотров: 37