• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өмүрбек Бабановго таандык делген аткана күйүп кеткени айтылды (видео)

7 Бирдин айы 2021 14:41 Бишкек Govori.TV

Бишкектин четинде жайгашкан Баш-Кара-Суу айылында Өмүрбек Бабановго таандык аткана күйүп кеткен. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Айбек Турдалиев жазып чыкты.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча 4-февралда саат 13:45те «Tранс KG» жабык акционердик коомуна таандык чарбада өрт чыкты деген чакыруу түшкөнүн билдирген. Өрт саат 18:40 чамасында өчүрүлгөн.

Маалымат боюнча, 700 чарчы метр жыгач чатыры күйүп кеткен. Учурда өрттүн себептери такталууда.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча «Траст KG» ЖАКтын башчысы Жаныбек Сагадылдаевич Мырзабаев, ал Бабановдун тууганы экени маалым.

Количество просмотров: 4747