• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өмүрбек Субаналиевдин кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду

23 Баш оона 202012:37 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Субаналиев Өмүрбек Исаковичтин кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду.

Кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу 2020-жылдын 22-августунан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулду.

Количество просмотров: 144