Кыргызстанда 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Министрлер кабинетинин бул токтому – тартыштык шарттарында электр энергиясын керектөөчүлөрдү электр менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдуу, ошондой эле электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Бул токтом 2025-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Ага ылайык, 1-майдан баштап Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясынын наркы 1 сом 37 тыйынга чыгат. Ал эми 700 кВт сааттан ашкандан кийин азыр 2,39 сомдон эсептелсе, эми 2,60 сомго жогорулайт.
Ал эми электр жарыгын өнөр жай үчүн колдонгондор ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясына 3 сом 18 тыйындан төлөсө, 1-майдан тарта 3 сом 49 тыйынга чыгат.