Бүгүн, 14-мартта парламентте «Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды.
Токтом долбоорунун демилгечиси, депутат Акылбек Түмөнбаев төмөндөгүлөргө токтолду.
«Токтом долбоорун Өкмөткө жөнөтөбүз. Муну менен сүт өндүрүүчүлөргө жардам беребиз деген ишеничибиз бар. Сүттүн баасы бүгүнкү токтомдун негизинде 40 сомдон кем болбойт деген ойдобуз. Бүгүнкү күндө сууга, бензинге жана башка баардык нерсеге бирдиктүү баа бар. Сүт өндүрүп жаткандар кыштын кычырган суугунда таң атпай туруп, малына жем, чөп берүү менен саайт. Сүтүн өткөзүп, бала-чакасына чай, тузун алабыз деп үмүт кылган дыйкандарыбызга жардам берилбей жатат»,-деди Түмөнбаев.
Токтом долбоордо төмөнкү чаралар каралган: