• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Өмүрбек Текебаев Башкы Прокуратурадан судья Адис Момуналиевге карата кылмыш ишин козгоону талап кылды

6 Кулжа 2018 13:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.06.2018.Govori.TV.
Өмүрбек Текебаев Башкы Прокуратурадан судья Адис Момуналиевге карата кылмыш ишин козгоону талап кылды. Тиешелүү арыз 2018- жылдын 5-июнунда башкы прокуратурага жиберилип, каттоо процесинен өттү. Бул тууралуу бүгүн адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017 жылы 2-октябрда Адис Момуналиев төрөгалык кылган Бишкек шаардык соту «Ата Мекен» фракциясынын лидери  Өмүрбек Текебаевге, жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго карата сот өкүмүн чыгарган. Бирок, чечимди кабыл алганда судья оорчунду материалдык далилди эске албастан, документтерди катып койгону белгилүү болду.
2017-жылы 26-сентябрда Бишкек шаардык соту 2010-жылдагы базалык станциялардын тейленүүчү тилкелери тууралуу маалымат сурап, “Нур Телеком” ЖЧКсына кат жолдогон. Бирок сот Адис Момуналиев жоопту күтпөй эле, 2-октябрда айыптаган чечим чыгарып салган. Сот жоопту 12-октябрда колуна алган.
Дагы бир белгилей кетчү нерсе, “Нур Телекомдун” жообун алгандан кийин дагы, Шаардык сот ал маалыматты иштин делосуна тиркеп Жогорку Сотко берген эмес. Натыйжада, 2017-жылдын 21-ноябрында Жогорку Сот алынган маалыматка баа бербегени аз келгенсип, жыйынтыгында мыйзамсыз өкүм чыгарды.
«Катка ылайык, Модиндин эртең мененки саат 8:00дөн 19:00гө чейин шаардын борборунда жүрүп сүйлөшкөндүгү боюнча маалымат кошо берилген. Документке караганда, Модин бул күнү “Супара” тарапка барган эмес. Анын үстүнө “Супара” этнокомплекси таптакыр башка станциядан тейленет», -деп айтылат “Нур Телеком” ЖЧКсынын катында.
Адвокаттардын талабы менен ошол жоголуп кеткен кат 2018-жылдын 3-майында “Нур Телеком” ЖЧКсынан кайрадан алынган.
Адвокаттардын айтымында Модиндин калпы чыкканын, сот жашыргандыгы белгилүү болду.

Количество просмотров: 32