• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №4 ооруканага которулду

29 Кулжа 201916:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.06.2019.Govori.TV.

Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология жана терапия борборунан Бишкектеги №4-ооруканага которулду. Бул тууралуу «Govori.TVга» өздүк булактар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Өмүрбек Текебаев 31-майда Улуттук кардиология жана терапия борборуна дарылануу жана текшерүү үчүн жаткырылган.Ал жактан бел оорусуна байланыштуу №4 ооруканага которулганы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү («Коррупция») жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында («Алдамчылык») камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон

Количество просмотров: 38