• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өмүрбек Текебаев: “Мен Конституциялык соттун статусун коргойм” деп азыр түрмөдө отурам…”

18 Тогуздун айы 2018 10:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.10.2018.Govori.TV.
 Өмүрбек Чиркешович, белгилүү чөйрөдө “мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди коррупциялык иштер боюнча кылмыш жообуна тартуу маселеси” дагы көтөрүлдү. Акыркы бир нече айдан бери анын кол тийбестигин алуу тартиби коомчулукта талкууланып жатат. Жакында эле жарандык активист Токтакуновдун кайрылуусу менен Конституциялык сот “экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө” чечим чыгарды. Кыргызстанда экс-президенттердин кол тийбестиги барбы?
— 2003-жылы февраль айында Аскар Акаевдин демилгеси менен референдум өтүп, “экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө” норма кирген. 90-жылдардын аягында Россия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанда кокусунан бийлик алмашып кетсе, өздөрүнүн саясый-физикалык коопсуздуктарын камсыз кылыш үчүн президенттер ушундай норманы киргизишкен. Бирок, 2005-жылы элдик революция болуп, 2006-2007-жылкы, кийин 2010-жылкы кабылалынган Конституцияларда экс-президенттин кол тийбестиги жокко чыгарылган. Ошентип, Кыргызстанда экс-президенттер эч кандай иммунитетке, кол тийбестикке ээ эмес. Бирок, эмнегедир мурдагы президент “Атамбаевдин кол тийбестиги бар” деген идеяны акыркы жарым жылда үстөккө-босток таратып, “аны камаганга болбойт” деген ойду элге таңуулап келатышат. Атамбаевдин катардагы жаран катары, кылган кылмыштары болсо, укук коргоо органдары жоопко тартаалат. Анын эч кандай артыкчылыгы, өзгөчөлүгү жок. Бул бүгүнкү Конституцияда кашкайып жазылып турат.
— А Конституциялык соттун чечимине кандай баа бересиз?
— Конституциялык соттун чечимин туура эмес деп эсептейм. Конституциялык сот чегинен чыгып, Конституцияда жок нормаларды мыйзам чыгаруу жыйынына жана Кыргызстанга таңуулап жатат. Конституциялык сот “экс-президенттин кол тийбестиги бар, анын кол тийбестиги президенттикинен кем болбошу керек, ошондуктан Жогорку Кеңеш тез арада ушул мыйзамды кабыл алышы керек” деген чечим чыгарды. Бул туура эмес. Конституцияда экс-президентке кол тийбестик берилген эмес. “Баардык жарандар мыйзам алдында бирдей” деп жазылып турат. Бул биринчиси. Экинчиси, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарында “Жогорку Кеңеш экс-президентти кылмыш жообуна тартуу үчүн уруксат берет” деген да укугу жок. Конституциялык сот Жогорку Кеңешти Контитуцияны бузганга, Конституцияда көргөзүлбөгөн бийликти өзүнө алганга түртүп жатат. Бүгүнкү аракеттеги Конституцияда төмөндөгү норма ачык, так, атайылап баса белгиленип жазылган. “КР президенти, КР Жогорку Кеңеши Конституцияда көргөзүлгөн, саналган гана бийлик укуктарына ээ боло алат” деп жазылган. Демек, президент да, Жогорку Кеңеш да мыйзам менен өзүнө жаңы укуктарды кабыл алышына тыюу салынган. Мына ошондуктан, Конституциялык соттун чечимин туура эмес деп эсептейм. Конституциялык сот чектен чыкты, анын чечиминин толук аткарылышы шарт эмес.
— Конституциялык сот каалагандай чечимдерди кабыл алса боло береби?
— Конституциялык сот саясый, конъюнктуралык чечим кабыл албашы керек. Бул чечими Алмазбек Атамбаевге да, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго да арналган чечим болду. Мына, бир жыл өттү. Дагы беш жылдан кийин Жээнбековдун да бийлик мөөнөтү бүтөт. Кошоматтанып, “президенттиги бүткөндөн кийинки кол тийбестигин бекемдеп берели” деген Конституциялык соттун аракети катары баалайм бул чечимди. С.Жээнбековго мындай кол тийбестиктин кереги жок. Ал “мен эч качан мыйзам бузбайм, коррупцияга аралашпайм, мен тазамын, мындан кийин дагы таза иштейм” деп эл алдында ачык айтып, бийликке келди. Таза иштеген адамдын коркконго негизи жок. Эгер президент таза иштебесе, кол тийбестик да эч кандай жардам бербей тургандыгын Акаевдин, Бакиевдин, буюрса Атамбаевдин тагдыры, тарыхы көргөзүп турат. Жээнбековго “андай кошоматчылардан этият болуңуз!” деп эскертет элем.
— Жээнбековго кошоматчылык Конституциялык сот тарабынан эле болуп жатабы, же башка саясый органдардандагыбы?
— Жакында мен сыйлаган депутаттар: Акылбек Жапаров, Алтынбек Сулайманов, БакытТөрөбаев, Чыныбай Турсунбеков бир мыйзам долбоорун сунушташты. Ал мыйзамга ылайык, президент Улутутук кеңеш түзөт. Ал Улуттук кеңештин чечимин Жогорку Кеңеш да, өкмөт да сөзсүз түрдө аткарышы зарыл. “Аткарган иштери боюнча президенттин алдындагы Улуттук кеңешке отчет берип туруш керек” деген талап-норма киргизилген ал мыйзам долбооруна. Бул да бүгүнкү Конституцияга, парламенттик принциптерге дагы каршы келет. Президент түзгөн эч кандай уюм, президент өзү дагы, Жогорку Кеңеш, өкмөттү милдеттендирип, алардан отчет алганга укугу жок. Бул акылга сыйбаган сунуш деп эсептейм. Убагында, 2009-жылы Бакиев Конституцияга өзгөртүү киргизип, “президенттик кеңеш түзөм” деген. Ошондой эле президенттин алдында ЦАРИИ деген структура түзүп, экономиканы ошо аркылуу башкарууга аракет кылган. Депутаттардын берген сунушу так ошолордун аналогиясы болуп жатат. Мен урматтаган депутаттардын “буга акылы жетпейт” деп ойлобойм. Алардын акылы жетет. Алар Конституцияга каршы келерин билип туруп сунуштап жатышат. Балким, алар “бул сунушубуз өтпөсө да Жээнбековдун көңүлүн алабыз” деп ойлоп жатышкандыр. Урматтуу депутаттар, президенттин көңүлүн алдыңар, эми токтоткула. Мен депутаттарга дагы, президентке дагы эскертет элем, бул жол дагы жакшылыкка алып барбайт.
— “Конституциялык соттун чечими сөзсүз аткарылышы керек” деп турат. Сиз “бул чечим аткарылыш шарт эмес” деп жатасыз. Муну кандай түшүнсө болот?
— Конституциялык сот мыйзамды же башка нормативдик-укуктук актылар Конституцияга каршы келсе, аларды жокко чыгара алат. Болгону ошол. Конституциялык сот ал ишин жасап, Конституцияга каршы келген “экс-президенттин абсолюттуу кол тийбестиги жөнүндөгү” статьяны жокко чыгарды. Ал эми Конституцияда көргөзүлбөгөн нормаларды божомолдоп, “ушундай мыйзам кабыл алынсын” деп Жогорку Кеңешке же башка мамлекеттик бийлик органдарына көрсөтмө бере албайт. Өзүнүн жоромолдору менен Конституциянын маңызын өзгөртүп, жаңы нормаларды киргизгенге укугу жок.
— Конституциялык сот өз бийлигинен четке чыгып, азыркыдай транш абал түзүлүп калса, мындай шартта акыркы чекитти ким коёт?
— 2014-жылы Конституциялык сот Конституциянын нормаларын бурмалап, “мамлекеттик кызмат адамдарына башкы прокуратура гана иш козгойт, башка бийлик органдары, ошонун ичинде УКМК, каржы полициясы, милиция иш козгой албайт” деп чечим чыгарган. Бул ошол кезде козголгон жүздөгөн иштерди жокко чыгарып, башаламандык пайда кылган. Ошондо президент Атамбаев “Конституциялык сотту 500 миң долларга бирөөлөр сатып алыптыр” деп шек санап, жинденип, “столун чапканда”, Конституциялык сот “кээ бир адамдарга гана: мисалы, депутаттарга, судьяларга гана башкы прокуратура иш козгойт, калгандарына мамлекеттик башка органдар иш козгой берсе болот” деп чечимин кайра өзгөрткөн. Эгер мыйзам менен карай турган болсок, Конституциялык сот чечимин өзгөртпөш керек. Мына ошондо Атамбаев “бул 11 адам (Конституциялык соттун мүчөлөрү) бирөө 5 млн. доллар берип койсо, Конституцияны түп тамырынан өзгөртүп коёт го, буларга мындай бийлик бербеш керек!” деп ачууланган эле. Ал эми 2016-жылы өзү Конституциялык соттун чечими, парламенттин макулдугусуз, күчүнө кирбей турган өзгөртүүлөрдү киргизген. Ошондо жарандык коом, ошонун ичинде мен Конституциялык сотту коргоп чыкканбыз. Мен Венециялык комиссияга чейин барып, “Атамбаевдин сунушу туура эмес” деген тыянакты алып келип, Конституциялык сотту коргоп, сактап калганбыз. Бирок, бул органдын мүчөлөрү оңолоюн деген ою жок. Бүгүн кимдин заказы менен, балким Атамбаевдин же “Жээнбековго жагынабыз” деген ниет менен дагы деле ошондой чечим чыгарып, Конституцияда жок нормаларды ойлоп таап, “кийинки закон ушундай болуш керек” деп жатат. Алардын ою боюнча, Жогорку Кеңеш алардын оюн угуш керек экен дагы, так ошондой мыйзам кабыл алыш керек экен. Туура эмес, андай болбош керек. Жогорку Кеңештин депутаттары менин пикиримди эске алат го деп ойлойм. Мен жөн эле пикир айткан жокмун. Менин сөзүм жөн эле үйүндө диванда отуруп алып, айтылып калган ой катары каралбастан, көптөн ойлонулган, керек болсо анүчүн курмандыкка барган адамдын ою катары кабыл алып, мени коллегеларым угуп коюшун сурайм. Мен ошол Конституциялык сот үчүн күрөшүп, азыр түрмөдө отурам десем да болот. Анткени, Атамбаев менен чырыбыздын башы так ошол Конституцияда Атамбаевдин өзгөртүүлөрүнө каршы, адам укуктарын коргоо, ошонун ичинде Конституциялык соттун статусун коргоо үчүн күрөштөн башталган.
(Уландысы кийинки санда) Динар ТУРДУГУЛОВА
P.S. Маекти алууга жардам берген адвокат Т.Токтакуновага ыраазычылык билдиребиз.

Булак: “Азия Ньюс”

Количество просмотров: 5